www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кызматына кайтты деген Ыдырыс Исаковдун айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маалыматты бир тууган агасы Искендер Матраимов билдирди.

-Ыдырыс Исаковдун өздүк баракчасына иним Тилек Матраимов тууралуу жазганы чындыкка дал келбейт. Учурда ал Covid-19 болуп ооруп жатат. Ыдырыс иниме да Кудай ыйман ынсап берсин. Азыркы тапта Тилек Матраимовдон башка чечилбеген маселе толтура. Ээн ооздук эркекке жарашпаган нерсе, мейли, бул жигитке дагы Кудай ыйман берип калаар,- деди Искендер Матраимов.

Ага кошумча депутат элге так эмес маалыматты таратып дүрбөлөңгө салган Ыдырыс Исаковго ден-соолук каалап, элдин аң сезимин өзү каалагандай черткилбөөнү суранды.

Эске сала кетсек, Ыдырыс Исаков өзүнүн  социалдык тармагына эски сүрөттү коюп, Тилек Матраимов кызматына кайтып келди деп элди ызы-чууга салган.

Аттиң, ушундай кыргыздын жигиттери Матраимовдорду гана шыкаалап калганы өкүнүчтүү. Кыргызстанда чыгаан журналист Ы.Исаков көтөрө турган Атамбаев жеп кеткен тышкы карыз, Ош окуясы, Дача–Су маселеси, ошондой эле Ош шаарындагы Мухаммед Умардын жигиттерине бир жолу, жок дегенде көз кырын салса "Азамат Ыдырыс", деп калмакпыз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости