www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасынан товар алып өтүү боюнча чектөөлөрдүн саясий себеби жок. Бул тууралуу 30-октябрда «Sputnik Кыргызстан» агенттиги уюштурган онлайн брифингде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, кытай тарап менен мындай чектөөлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу гана киргизилгенин билдирүүдө.

Новиков белгилегендей, маселенин чечилиши бир гана кыргыз тараптан көз каранды эмес жана Кытай менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келерки аптанын соңуна чейин жылыш болот деген үмүт бар:

“Биздин мамлекеттик органдардын жетекчилери Кытайдын элчиси менен бир нече жолугушуу өткөрүштү. Кытай тарап чектөөлөргө кандайдыр бир саясий себеп жок экенин, бүгүнкү күндөгү абал коронавирустун жайылышын алдын алууга байланыштуу гана түзүлүп жатканын белгилөөдө. Консультациялар бардык деңгээлде жүрүп жатат, келерки жумада кеңейтилген жыйын өтөт”.

Азыркы учурда социалдык түйүндөрдө кыргызстандык соодагелер 1-ноябрдан тартып салык төлөөнү токтоторун айткан кабарлар тарап жатат.

23-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Кытайдан товар ташыган ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөй албай турушканын айткан.

Ал кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын билдирген. Кытайдан күткөн товары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин төртүнчү жолку ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, алар бизнесин токтотуп жатышканын маалымдаган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы чектөө коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген. Кийин кыргыз тарап чектөөлөрдү алган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости