www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исмаил Исаков кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кыргыз элин куттуктады. 

--"Урматтуу кыргыз элим Сиздерди мамлекетибиздин эң башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүн биз элибиздин эчен кылымдар бою эңсөөсү болгон – элибиздин Азаттык, Эгемендүүлүк майрамынын 30 жылдыгын белгилеп олтурабыз. Кыргыз эли тарыхтын эчен сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, көкүрөктөгү эркиндик духун өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, Эгемендүүлүк күнгө жетишкен.

Биз, азыркы муун ата-бабалардын жолун улантып, бизге жеткирген азаттыкты, эгемендүүлүктү бек сактап, кадырына жетели!
Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай, ийгилик каалайм!

Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп,ар бир үйдө тынчтык өкүм сүрсүн! Эгемендигибиз баарыбызга кут болсун!", - дейт Исаков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости