www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Экономикалык эгемендүүлүккө жетүү чыныгы эгемендүүлүккө жетүү болот", - деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Айданбек Акматов.

- Кыргызстан эгемендигинин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Бул мөөнөт ичинде Кыргызстан эмнеге жетишип, эмнени жоготту? Дүйнөлүк рейтингдерде кандай орунду ээлей алды?

- Биринчиден, эгемендүүлүгүбүз кут болсун жана түбөлүк болсун. Ал эми жетишкендиктерге келгенде, аксаган жагыбыз көбүрөөк болуп турат. Жетишкенибиз эгемендүүлүктү сактап турганыбыз. Демек, мындан ары аны бекемдеп, мамлекетибизди өнүктүрүп, элибиздин турмушун оңдоого мүмкүнчүлүктөр сакталып турат. Мына ошол мүмкүнчүлүктү элибиз шайлоолордо туура тандоо менен пайдаланса. Анткени, эгемендүүлүк доорунда шайлоо өткөрүүгө, шайлоо менен бийлик алмаштырууга көнүп, ыктап келатабыз.

Эми туура тандоого да үйрөнүшүбүз керек. Бийлик башына билимдүү, мамлекеттин ишин ишин билген , сабаттуу инсандардын келиши өнүгүүгө кадам. Кемчиликтерибиз арбын. Экономикада дурус өсүш жок болгондуктан жумушсуздук аябай көп. Миллиондой жараныбыз эмгек мигранты болуп жүрөт. Билим берүү, социалдык башка инфраструктуралабыз деградацияга учурап жатат. Алтын кендерди бүтүндөй алдырдык. Жалпысынан айтканда, экономикалык эгемендүүлүктү алсыратып алдык. ИДПнын көлөмү боюнча аябай артта калып баратабыз. Тажикстан бизден алдыга кетти. Калкынын саны биздей эле болгон Түркмөнстан ИДПсы 45 млрд. доллар болсо, биздики 8 млрд. долларга жетпейт. Ошондуктан экономикалык эгемендүүлүккө жетүү чыныгы эгемендүүлүккө жетүү болот. Ошого умтулушубуз керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости