www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Эгемендиктин, мамлекеттин ээси — эл!

Кыргыз эли тарыхтын эчен сыноосунан өтүп, өмүрү найзанын учунда, кылычтын мизинде турса да, көкүрөктөгү эркиндик духун өчүрбөй, мезгил менен тең алышып, Эгемендүүлүк күнгө жетишкен. Эркиндик ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт, аманат.

Отуз жыл мурда колго тийген көз карандысыздык жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди. Бүгүнкү эгемендик биздин гана энчибиз эмес. Ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн канынын, энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашынын баасы. Бул майрам элибиз, мамлекетибиз үчүн, эң ыйык, эң улуу күн!

Кадырман элим!

Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишенаалы Айдарбеков баштаган мамлекетти түптөөчүлөр элинин эркиндиги үчүн өз жанын курмандыкка чалышкан. Аталар баскан жолду биз эч качан унутпашыбыз керек жана аларга дайым таазим кылып туруу ар бирибиздин парзыбыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарды бүгүнкү улуу майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Эгемен элибизге тынчтыкты, бакубатчылыкты жана өнүгүүнү каалайм!

Урматым менен, «ТУРАН» саясий партиясынын лидери, саясий туткун Жеңиш Молдокматов

Кайрылуу адвокат аркылуу алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости