www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда Легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кыргызстандыктарды куттуктады. 

--"Мындан отуз жыл мурда – 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары Көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алган. Бул Кыргызстанды көз карандысыз демократиялык мамлекет катары жарыялаган чыныгы тарыхый документ болгон.

Кыргызстан эли ондогон кылымдарга созулган катаал жолду басып өтүү менен кайрадан өнүгүү жолун тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргызстандыктар биримдиктүү, ынтымактуу жана эмгекчилдигине жараша бардык сыноолордон татыктуу өтүп, өз мамлекеттүүлүгүн сактап кала алды.

Мына бүгүн 30 жылдык майрамды белгилеп жатабыз. Бул дагы чоң жетишкендик. Канчалаган элдер эгемендүү мамлекет боло албай жүрөт. Биздин эл бактылуу эл экен", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости