www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эң негизги жетишкендигибиз - маңкуртка айланбай улут катары сакталып калдык", - деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

- Турсунбай агай, эгемендүү мамлекет болгонубузга туура 30 жыл толду. 30 жылда Кыргызстан эмнеге жетишип, эмнени жоготтук?

- Кыргыз эли мамлекеттүүлүккө 3 жолу жетишти. Кудайга шүгүр, кан төөгүүсүз СССРден бөлүнүп чыктык. Мына эми көз карандысыз мамлекет катары бактылуу элдердин арасындабыз. Бардык мамлекеттер тааныган, бардык эл аралык  уюмдарга толук ыйгарымдуу мүчөбүз. Эң негизги жетишкендигибиз - маңкуртка айланбай улут катары сакталып калдык. Байыркы тилдердин бири - тилибизди сактап калдык. Өзүбүздүн мамлекеттик атрибуттарыбыз  жана символдорго  ээ болуп олтурабыз. Туу, герб, гимн, улуттук армия, валютага ээбиз. Дүйнөдө өзүнчө мамлекет боло албай, канча жылдардан бери кан төгүп, өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшүп  жаткан элдер бар...

Ооба, СССР учурунда союздук бюджеттен дотация алчубуз. Себеби, союздун  курамында болгонубузда биз агрардуу-өнөр жай республика болуп эсептелчүбүз. Негизинен, малчылык, дыйканчылык менен алек элек. Ошону менен кошо өнөр-жай да бар болчу. Дүйнөгө белгилүү пресс-подборщиктерден баштап кир-жуугуч машиналар жана радиоэлектроника буюмдары чыкчу. Эгемендикке ээ болгону алдыбызда өнүгүүнүн эки жолу турду. Биринчиси мамлекеттик, кооперативдик менчикти сактап, анын негизинде көз карандысыз экономиканы алып кетүү Беларусь, Өзбекстан сыяктуу.

Экинчиси, Польшанын жолу - мамлекеттик, кооперативдик менчикти сатып, жеке менчикке айландыруу. Өкүнүчтүүсү,  өлкөнүн тунгуч президенти Польшанын шок терапия жолун тандап алды. Натыйжада, бир да завод-фабрика, бир да совхоз-колхоз калган жок, алар менен кошо мамлекеттик жана кооперативдик менчиктер да жок болду. Бүгүнкү күнү биз үчүн эң чоң көйгөй - экономиканы бутка тургузуу. Албетте, чет өлкөлүк инвестициясыз бул оюбуз ишке ашпайт. Экономикабыз күчүнө толсо, улуттук валютабыз - сом да күчтүү болот. Ошондо СССР учурундай социалдык мамлекет болууга аракет жасамакпыз.

- Дүйнөлүк рейтингдерде кандай орунду ээлей алдык?

- Экономиканын абалы, бизнестин эркин өнүгүүсү, ички дүң продукциянын көрсөткүчү, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, аскерге бөлүнгөн каражаттар  боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн арасында акыркы орунда болбосок да, эки жүздүктүн ичиндебиз. Бул өтө кайгылуу, өкүндүрө турган фактылар. 30 жылдан бери өлкөбүздө талкаланбаган нерсе калбады. Башка өлкөлөрдөй мамлекеттик, элдик мүлктү сактай алган жокпуз. Бул кылмыш үчүн албетте мамлекетибиздин башчылары (ажолор) жана алардын кошоматчылары күнөөлүү жана элибиздин алдында кечирим сурап жоопкерчиликке тартылышы керек.

Сөз эркиндиги жана бактылуумун деп өздөрүн сезгендер боюнча гана экс-советтик республикалардан Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жогорураак. Бирок бул көчмөн элдердин гендеринин күчтүүлүгүнө гана байланыштуу деп эсептеймин. Кыргыздарда илгериден эле сөз эркиндиги бар болчу. Ошондуктан «сөздү учурунда айтпасаң - атасы өлөт», «баш кесмей бар болсо да, тил кесмей жок», «сөз октой тиет» жана ушул сыяктуу макал-лакаптарыбыз ага далил. А бактылуулардын саны көп болгонуна кайра эле көчмөн элдин менталитети, жашоонун жол-жобосу себеп болду. Отурукташкан элге салыштырмалуу көчмөн элге материалдык байлыктын көп деле кереги жок болчу - кыргыздар бар нерсе ыраазы болуп жашашчу.

- Эркиндикке ээ болгон 30 жылдан бери мактана, сыймыктана турган жерибиз болдубу?

- Сыймыктана жана мактана турган жерибиз сөз эркиндигинен башка дин эркиндигибиз жана жаратылыштын кооздугу го… Мактана, сыймыктана турган иштерибиз алдында деп ойлоймун.

- Үч жолу революция жасап, эркин эл экенибизди далилдедикпи же тескерисинче революциялар трагедиябыз болдубу?

- Классикалык түрдөгү революциялар (ыңкылаптар) Кыргызстанда али боло элек. Үч жолу Ак үйдү басып алуулар - бул сарайдык төңкөрүштөр гана деп эсептеймин. Классикалык түрдө ыңкылаптар болгондо - мамлекеттик түзүлүш, саясий система жана коом түп тамырынан өзгөрүлмөк. Бизде болсо бийликте олтургандардын ысымы  кабинеттеринин эшигинде гана алмашты…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости