www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин эл ашыкча демократиялуулугун көргөздү. Мындай пикирди бүгүн, 31-августта  Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада NazarNews маалымат агенттигине коомдук-саясий ишмер, профессор, Даңк медалынын ээси Ишенгүл Болжурова айтты. 

--"Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун, ар кыл эл аралык жана аймактык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болду. Мисалы, Бириккен Уллуттар Уюмуна кирдик. Алар бизди өз алдынча мамлекет катары тааныды.

Биз мурдагы Советтер Союзунун аймагында алгачкылардан болуп өз валютабызды ишке киргизип, чек араларды чыңдоо, жеке армияны түзүү, мамлекеттик башкаруу институттарын уюштуруу жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча иштерди баштадык.

Биз улуу жолдун баштапкы этабында турабыз. Алдыда дагы көп иштерди аткаруубуз керек. Бүгүнкү күндө биз бардык күч-аракетибизди ата мекендик экономиканы мындан ары өнүктүрүүгө багыттообуз зарыл.

Ал эми 30 жыл аралыгында көптөгөн терс окуялар дагы болуп кетти. Биздин эл ашыкча демократиялуулугун көргөздү. Ошого байланыштуу төрт революция болду. Бирок ага карабастан өлкөнү мыйзамдуулугун сактап кала алдык", - дейт Болжурова. 

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости