www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биздин эл өтө ишенчээк, алабарман эл болгондугу үчүн провокацияга оңой алдырат экен", - деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, Кыргызстан бүгүн эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп, эгемендүү мамлекет экенибизди даңазалап, салтанат өткөрүп жатабыз. 30 жылдын ичинде Кыргызстан эмнеге жетишти, эмнени жоготту?

- Мен Кыргызстан жөнүндө, кыргыздар жөнүндө көп ойлоном. Тарыхты карап көрсөк кыргыздар агы менен карасы, оңу менен солу аралашкан эчен оош-кыйыш күндөрдү башынан өткөрүптүр. Заманыбыздын залкар жазуучусу Ашым Жакыпбеков:

"Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,

Кырлар барбы кыргыз буту баспаган" - деп жазгандай, кыргыз бутун сунуп, беймарал жашаган күнү аз эле болуптур. Эмнеге? Себеби, кыргыз куур тонун кийип, жайдак атты минип алып бекер эле чаптырып, үнүн корс-корс чыгарып эл башкарганды жакшы көрөт экен. Эл эли менен, журт журту менен ошондой жаралса керек. Деги бир, баш берейин деген бирөө жок. Акыры мындай эпке келбеген элди катуу мыйзам менен басып кирип, атканын атып, камаганын камап отурукташтырган Лениндин идеясы жетимиш жыл өкүм сүрүптүр. Ал камгактай желге учуп жок болгон соң көпкө чейин аркандалып турган атты бош койгондо казыгын айланчыктап тура бергендей бир жерде эле туруп калдык. Эски башкаруу системасы, бюрократия, жетекчинин айтканы айткан, дегени деген дегендей кулдук мүнөз сиңип калган экен. Акаевге кулдук уруп атып акыры аны жети баштуу желмогузга айланттык.

Ал чарбаны билбегенден улам баарын чачыратып мамлекетти айдай талаада калтырды. Биз эч нерсени уткан жокпуз. Көп жакшы нерселерибизден айрылдык. Эң негизгиси адамды адам катары баалабай калдык. Ошондон уламбы муздак, мээримсиз, өлүп баратсаң  жылмайып карап турган пенделер, сөзгө түшүнбөгөн макулуктар пайда болду. Мамлекет астын - үстүн аңтарылып, улуттук баалуулуктар унутулуп, карыган кемпирлер жылаңач көргөзмө ачып, ыштанын көчөгө илген заманды көрдүк. Мен ушунун баары биздин отуз жылдыгыбыздын күзгүсү деп айтаар элем.

- Айтканынзда калет жок. Бирок, дүйнөлүк рейтингдерде кандай орунду ээлей алдык?

- Дүйнөлүк рейтинг эмне менен өлчөнөт билбейм. Бирок, бизди жолдон адаштырган ошол дүйнөлөшүү деп ойлойм. Өлкөнүн башына таза кандуу намыскөй жигит келип калса балким булар болмок эмес. Жалаң кара курсагынан көтөрүлө албаган ач көз шүдүңгүттөр келе берип, акыры Кыргызстан азыр арып-ачып, пейил качып, жоголуунун чегине келдик. Мындан ары оңолуу жолуна түшүшүбүз керек. Болбосо акыбал өтө оор болот.

- Сыймыктанып, мактана турган жерибиз барбы?

- Сыймыктанаар жерибиз аман - эсен жоголбой, чачырап кетпей жашап келе жатканыбыз. Бизди бир улуу Кудай эле сактап келе жатат.

- Биз эркин элбиз кааласак бийликти алмаштырабыз деп мактанабыз. 30 жылда үч жолу болгон революция ийгилигибизби же трагедиябызбы?

- Революция деп башында дардайып сүйүнүп жүрчүмүн. Кийинки учурда ушул революциялардын революция экенинен күмөн санап калдым. Себеби, бири да мыйзамдуу түрдө революция деген статуска ээ болбоду. Төңкөрүш болуп эле калды. Революция болгондо бүтүндөй система өзгөрүп, мурдагы келе жаткан жолдун туура эмес экени аныкталып, мамлекет башкача өзгөрүү багытына түшмөк. Элибиз  кыйын, эл башындагыларды айдап чыгат деген да болбогон нерсе окшойт. Биздеги баш-аламандыктар кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн аракети менен уюшуларына  көзүм жетип баратат. Биздин эл өтө ишенчээк, алабарман эл болгондугу үчүн провокацияга оңой алдырат экен. Ошону карасанатай эл бузарлар пайдаланып  жатышат.

Эми эсибизге келип, чагымчы, бузукулардын сөзүнө кирбей, келген жетекчилерди колдогонду үйрөнүшүбүз керек. Болбосо биз азыр кылдын учунда турабыз. Кыйкырганы жаман болсо да, өз балдарыбыз жакшы. Ошон үчүн эсибизге келели. Жеке кызыкчылыктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коёлу. Оогонстанга окшотуп бирөөлөр басып, ээлеп алганга жол бербейли.

Урматтуу кыргыздар! Бир туугандар!

Отуз жыл кыйналыппыз. Келгиле, эми оңолуу жолуна түшөлү. Бири- бирибизге ишенели. Бөлүнбөйлү, агаралы, тазаралы. Эгемендүүлүк күнү кут болсун калкым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости