www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президенттер эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Мындай пикирди кечээ, 30-августта NazarNews маалымат агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди. 

- Баардык келген бийликти эл кубануу, кол чабуу менен толсуп алышат. Бирок тилекке каршы, бир эки жылдан кийин эле ал бийлик элдин үмүтүн актабай келет. Азыркы бийлик элдин үмүтүн актап кетиши мүмкүнбү? Ачуу чындык өз убагында айтылышы керек. Күзүндө боло турган шайлоодо бул бийликти "аңтара чабам" деген күчтөр дагы жок эмес...

- Бүгүнкү күндө Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордун убагындай ачык бирдиктүү оппозиция жок. Муну моюнга алыш керек. Ал мезгилде бүгүнкүдөй ачык бирдиктүү оппозиция болуп, кандайдыр бир деңгээлде массалык маалымат каражаттарына катуу талаптарды, демилгелерди койсо болмок. Азырынча андай жок. Бирок ошол эле убакта , интернет колдонуучуларынын соцтармакатрды пайдаланып бүгүнкү бийликке сын айткандардын саны көбөйүүдө. Ошол эле учурда бүгүнкү бийлик анын баарын эске алып, анализдеп ошонун негизинде тыянак чыгарса бул албетте туура позиция болот деген ойдомун.

Сиз айтып өткөн мурдагы бийликтин президенттери эч кандай жыйынтык чыгарган жок да. Ошол эле адилетсиздик, коррупциянын күчөшү, шайлоо учурунда добуш сатуулар ж.б. ошол эле бойдон. Кээ бир критикалап катуу сүйлөгөн жашын дагы карысын дагы кармап соттошу. Ушундай көрүнүштөр албетте мамлекетке чоң дүрбөлөңдү алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости