www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүн жана жарык келечегин камсыз кыла алабыз", - дейт мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. 

--"Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнѳ 30 жыл толду.

Айла жок суроо жаралат: отуз жыл ичинде мамлекетибиз кандай натыйжага жетишти? Кубана турган жыйнтыктар кѳппү, же кайгыра турган маселелер кѳптүк кылабы? Айтор, бул тарыхта калчу маселе.

Мени бир суроо көбүрөөк тынчсыздандырат, элибиздин келечеги кандай болот? Балдарыбыз үчүн кандай мамлекет курабыз?

Эгемендүүлүккѳ ээ болгондон бери, билинбей эле бүтүндѳй жаңы муун ѳсүп келди.

Бирок, ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсу жана жакшы келечеги тууралуу кыялыбыз бугунку күндѳ кыял бойдон калды.

Биздин эл жакшы жашоого татыктуу!

Дүйнѳ-жүзүндѳгу тажрыйбаны эске алсак, коомдун биримдиги, калктын билимин жана жашоо-шартынын денгээлин кѳтѳрүү менен гана мамлекет ѳнүгѳ алат.

Калк, коомдун биримдигин бекемдеген, терең улуттук идеянын негизинде биригет.

Бир гана жаратмандык аркылуу жана иш-аракеттерди бириктирүү менен жалпы улуттук максаттарга жетесек болот.

Биз адамдык баалуулуктарды чыңдоо, билим берүүнү өнүктүрүү жана лидерликке үндөө үчүн биригишибиз керек.

Адам-баласы пландар жана идеялар менен жашайт, жакшы нерселер тууралуу кыялданат.

Жаштар – бул биздин негизги артыкчылыгыбыз. Калкыбыздын 60 пайиздан ашыгы Жаш муун – бул зор даремет. Бул атаандаштык артыкчылыгыбыз пайдаланбайт, мындан тышкары шыктуу, талантуу жаштарыбыз жумуш издеп ѳлкѳбүздѳн кетүүгѳ дуушар болуп жатышат.

Чет ѳлкѳлѳргѳ миграциянын денгээлин чогуу акырындап азыйта алабыз деп үмүттѳнѳм.

Мекендештерибиздин мекенине кайтып келиши үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү менен мамлекеттин өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүн жана зарыл.

Креативдик экономиканы активдүү киргизүү биздин ѳлкѳбүздүн социалдык-экономикалык дареметин күчѳтѳт, жаратылыш менен гармониялуу жашоого жана ага аяр мамиле жасоого алып келет.

Бизге ар бир жаран маанилүү, анын билими, тажрыйбасы жана күч-кубаты алтындан кымбат. Ѳкүнүчтүүсү, ушул дареметин кѳптѳгѳн жарандарыбыз башка ѳлкѳлѳрдѳ колдонууга мажбур.

Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын татыктуу келечеги үчүн ушул ѳтѳ маанилүү маселени талкуулап жана чогуу чечүүгѳ аракет кылалы.

Ата-бабаларыбыз уникалдуу мекенибизди мурас кылып ѳткѳрүп беришти. Биз бай, ѳнүккѳн, бактылуу улут болуш үчүн, бүт тийешелүү ресурстарга, анын ичинде интеллектуалдык дареметке, ээбиз. Бул үчүн күчубузду бириктирип, ѳз ара колдоо жана ѳнүгүү программалары менен алектенишибиз керек. Демилгечиликти, чыгармачылыкты, креативдүүлүкктү, а негизги ѳз ара сый-урматты жана адилетүүлүктү колдошубуз керек.

Жаш муун үчүн терең ойлонуп түзүлгѳн билим берүү жана агартуу процесстеринин аркасынан Кыргыз Республикасын ѳнүгүү жана гүлдѳѳ траекториясына салса болооруна кѳзүм жетет.

Биз Мекенибиздин туруктуу ѳнүгүүсүн жана жарык келечегин камсыз кыла алабыз.

Бүгүнкү биздин жаратмандык - кийинки муундар тууралуу кам кѳрүү", - дейт Айдарбеков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости