www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талантбек Батыралиев кыргызстандыктарды куттуктады

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Анда мурдагы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кыргыз элин куттуктады.  

--"Биз өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө ишенимдүү шарттарды түзүп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууну камсыздай алабыз.

Бирок бардык коюлган максаттарга элдин колдоосу аркылуу гана жетишүү мүмкун экендигин белгилей кетүү зарыл.

Кыргызстанда 80 ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымактуу чоң үй-бүлө катары жашап келет. Биздин күчүбүз элдердин биримдигинде жана ынтымагында.

Урматтуу мекендештер, ушул майрам күнү жалпыңыздарга чың ден-соолук, жаркын маанай, ачык асман, бакубаттуулук жана алдыга койгон максаттардын ишке ашуусун каалайм!", - дейт экс-министр. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости