www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда шаардын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, күчтүү жана тажрыйбалуу менеджер катары өзүн көрсөткөнгө жетишкен. Бул тууралуу генерал-лейтенант, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, экс-депутат  Исмаил Исаков билдирди. 

--"Нариман Түлеев мен сыяктуу публичный саясатчы катары эл арасында кабыл алынбаса дагы, Бишкек мэри учурунда шаардын өнүгүшүнө чоң салымын кошуп күчтүү, тажрыйбалуу менеджер катары өзүн көрсөткөнгө жетишкен. Бишкек шаары бир гана саясий борбор болбостон Кыргызстандын экономикасынын көтөрүүдө чоң роль ойноп, финансы, маданият, билим берүү борбору болгондугуна байланыштуу, мамлекеттин ички саясатын аныктоодо өзгөчө орду талашсыз. Классиктердин негиздемесинин орусчасын тагыраак келтирсек, “политика есть концентрированное выражение экономики”. Демек, ал саясаттын маңызын түзгөн экономика менен алек болгон жаран катары биздей эле саясатта орду бар десек жаңылышпайм. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген акылман ата-бабаларыбыз айткандай, өзүбүздүн эле тарыхыбызда 10 жыл эмес 80, 90 жыл мурда соттолуп атылып кеткен улуу инсандарыбыз акталып, аларды үлгү тутуп, мамлекеттик кызматкерлердин иш бөлмөсүнө алардын портреттерин илдирип, жаштарды тарбиялап жатканыбыз реалдуу факт. Ошондуктан адилетсиз, мыйзамсыз чечимдер качан гана болбосун кайра каралат жана чындык эртедир кечтир орнойт. Качан гана мыйзамдын диктатурасы орномоюн, соттун көз карандысыздыгы камсыздалмайын, бийлик башчылары элге жүрүш-турушу, сүйлөгөн сөзү аткарган ишине төп келишип, жашоо турмушу боюнча үлгү көрсөтмөйүн, жалпы элибиз жана коомчулук тазаланмайын мындай терс көрүнүштөр жана ар кандай туура эмес “оюндар” болот жана боло берет. Кыскасын айтканда, И. Раззаков атабыздын “мен таза болсом, сен таза болсоң коом дагы таза болот болот” деген сөзүнүн актуалдуулугун эч качан унутпашыбыз керек. Мыйзамдуулук, сот акыйкаттыгы, адилеттүүлүк өлкөбүздө орношу жана коомубуздун тазаланышы үчүн баарыбыз биригип жогорудагы айтылган сөздү иш жүзүндө аткарганда гана сиз айткандар кайталанбайт", - дейт Исаков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости