www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийлик кадрларды кантип тандайт?

Улуу Британияны улутуна караган президенттик аппарат жетекчиси Касмамбетов кадр тандап жатат:

- Эки жерде эки канча? – дейт президенттик бийликтин эгеси Касмамбетов.

- Үч - дейт Руслан Казакбаев.

- Оо, сен кемиткенди жакшы көрөт экенсиң. Тышкы иштер министри болуп, тышкы карыздарыбызды кемит.

- Эки жерде эки канча? – дейт президенттик бийликтин эгеси Касмамбетов.

- Беш.- дейт Кармышаков Улукбек.

- Оо, сен кошконду жакшы көрөт экенсиң. Финансы министри болуп айлык алгандарга айлык кош.

- Эки жерде эки канча? –дейт президенттик бийликтин эгеси Касмамбетов.

- Төрт.-дейт Бейшеналиев Алмазбек.

- Оо, сен акылдуу экенсиң. Билим министри болуп мектеп окуучуларына акыл кош.

- Эки жерде эки канча? –дейт президенттик бийликтин эгеси Касмамбетов.

- Сиз канча десеңиз ошончо! - дейт Акылбек Жапаров.

- Оо, накта кадр сен экенсиң, сен президент Садыр Жапаровго кеңешчи бол! - дейт имиш Касмамбетов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости