www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга аймактык өнүгүү министри Тэцуси Сакамотону бир эле мезгилде жалгыздык министри кылып дайындады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башкы катчысы Кацунобу Като Токиодо өткөн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жапон өкмөтүндө жалгыз калган тургундардын көйгөйлөрү үчүн жооптуу министрдин кызматы биринчи жолу пайда болду. «Бул дайындоонун максаты жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз социалдык көйгөйлөрдү, башкача айтканда, төрөт деңгээли төмөн коомдун картайышынан улам келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө сөз кылабыз. Буга биринчи кезекте аялдар жана жаштар арасындагы суицид көйгөйү дагы кирет», - деди Като.

Башкы катчынын айтымында, өлкөдө жалгыз жашаган тургундардын көйгөйлөрү пандемия учурунда курчуп кеткен. 2020-жылы Японияда өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн саны акыркы 11 жылда биринчи жолу көбөйүп, 20919га жетти. Эксперттердин айтымында эпидемия учурунда жумуштун жоктугу, балдарга жана үйгө кам көрүү түйшүгү стресстин деңгээлин жогорулаткан.

Буга чейин жалгыздык менен күрөшүү жылдын негизги тренди деп табылган. Коронавирус пандемиясынын башталышы менен дүйнөдөгү жалгыз адамдардын саны өскөндүгү жана ден-соолуктун психологиялык көйгөйлөрү көп болгондуктан, жакын арада тиешелүү технологиялар пайда болушу керектиги эксперттер тарабынан айтылат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости