www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта болобу, кайсы гана жерде болбосун кыргыз калкы акыркы учурда ынтымагы кетип бара жаткандай.  3 жылдан бери 30 жалдан мамлекетти башкарып, мамлекеттик имараттарды жең ичинде сатып жибергендей, үлкөн жемкорлордун аты айтылбай Батыштын буюртмасы менен кыргыз элинин башын айландырып келүүдө. Баягы эле бүтпөгөн Матраимов темасына Бактыгүл Иманбек кызы төмөнкүчө пикирин билдирди.

--Эсептегенди билесиңерби? Райымбек Матраимов, октябрда кармалары менен "Мени бошоткула качпайм, ар бир сурака келип турам" деп казынага дароо 80 000 000 сом төлөп үй камагына чыккан. Колдогу бар факты кагаздары боюнча 2 000 000 000 сом төгүп бүтүрдү, жеген акчасын үстөгү менен, эми акыркысы 26 0000 сом менен баардык арестте турган мүлкүн бошотуп үй камагына чыкты. Президент Садыр Жапаров ошондо айткан:

--"Азырынча колубуздагы факты кагазында ушунча суммага факты турат, муну төлөтөбүз" деп төлөттүбү? Төлөттү! Али Токтакунов айтып жаткан суммасына чын эле жымырып алган деген далили бар кагаздарын алып келип берсин, биз соттордон талап кылалы, кайра карап бергин деп.  Далили жок "Кошуна аял айтты" деген ушак менен кама деген турасыңарбы?  Колдогу болгон далилдерди үстөгү менен төлөп берди. Үй камагына чыгарууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамдуу күрөө акысын төлөдү, мал мүлкүн аресттен чыгаруучу күрөөнү төлөдү (ашыгы менен)... Бошонду, кетти... Мындан көп суммага далилденген, видео, документ, телефон сүйлөшүү фактыңар болсо чыгаргыла да. Али Токтакунов айткан, Дубайдагы үйүн көрдүк видеосу турат дейсиңер. А мыйзамчы? Жол береби? Ошо силер сүйгөн мыйзамда "Али айтканынын баары далили жок болсо да чындык" деген статья барбы эмне? Кантип далилдейсиңер ошол Дубайдагы үйдү уурдап сатып алганын. Далил жок!

Демек УКМК кантип жалаа жаап жулкулдай алат? Али айтты деппи? Матраимов байдын келесоо баласыбы? Төк десе шакылдатып төгө берген? Ошончо акчасы бар адамдын, кыйын, кыйын адвокатка акчасы жокпу? Мыйзам жолу менен гана бошонуп алды. Эмне чычалайсыңар?! Садыр Жапаров калпычыбы? Же силер УКМКны кой сарайга айлантып алдыңарбы?! Али эртең дагы бирөөнүн үйүн видеого тартып туруп могунча миллион жеген десе ага да далили жок асыла бересиңерби? Али өзү ошондой кымбат видео тартканга, Дубайга барганга, яхтага түшүп алып Раимдин аркасынан жүргөнгө ал акчаны кайдан алды?

Сураган бирөө бар бекен? Али карапайым эле журналист. Кызык, ким берет болду экен ага анча акчаны? Алини кошо сурака алгыла анча болду? Матраимов унчукпай гана төгүп берди, мойнуна салган далили бар айыпты пайызы менен төктү...Далили жокту четке кагып койду...

Садыр Жапаров болбогондо 2 000 000 000+ 80 000 000 + 260000 сом жок деле мышмыйыйп отурат элек! Негизи бир кызык эле эл экенбиз! Ушундай "наалыкейибизден" деле Кудайга жоругубуз жакпай, азаптарда жашайт окшойбуз! – дейт Бактыгүл Иманбек кызы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости