www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-октябрь күнү Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын Д.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда М аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, чет мамлекеттен унаа алып келүү шылтоосу менен 231 миң сомун алган. Кийин убадасын аткарбай из жашырып качып кеткен.

Мындан сырткары, ошол эле күнү дагы Т.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин ишенимине алдоо жолу менен кирип, чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп 2 миң 300 доллар акчасын алып, убадасын аткарбай из жашырып кеткен. Ушундай эле арыз менен А.А. аттуу дагы бир жаран кайрылган.

"Бул фактылардын бардыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 1966-жылы туулган Д.А. аттуу Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости