www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөгөн эгиздери чарчап калып, ордуна куурчак ороп…

Дагестандык келин күйөөсүн кош бойлуумун деп алдап, кийин «эгиз балдардын» ордуна куурчактарды ороп койгон. Окуянын чоо-жайын жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, келин Ставрополь шаарындагы перинаталдык борбордо төрөгөнүн, бирок ымыркайлар чарчап калганын айткан. Кийин алардын сөөгүн жашыруу үчүн күйөөсү үйүнө алып кеткен.

Качан гана алардын сөөгүн жерге берерде оромолдун ичинде бала эмес, куурчактар экени билинген. Ошондой кийин гана келин төрөбөгөнүн мойнуна алып, боюнда болбой жаткандыгы үчүн күйөөсүн капаланткысы келбегенин айткан.

«Келинимдин акыл-эси жайында, жакшынакай эле адам экенин билем. Мен дагы үч баланы төрөгөн аял катары баары жасалма экенин билбей калганыма таң калып турам. Мага түйүлдүк кыймылдап жатканын көп айтчу. Бирок ал бизде өлгөн кишини көмөөрдө бетин ачып коюу салтыбыз бар экенин билбесе керек», — деген аялдын кайненеси.

Маалыматта мындан кийин үй-бүлө кандай чечим кабыл алганы айтылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости