www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Исмаил ага, учурда оппозиция өкүлдөрү камакта отурушат. Алардын мындан аркы тагдырларын кандайча элестетесиз?

-- Албетте, ар кимдин тагдыры өзүнүн колунда. Ошого карабастан, алыска барбай эле өзүбүздүн 20 жылга жакынкы тарыхыбызга кайрылып, бийликке оппозиция болгондордун тагдырына көз жүгүртсөк, сурооңдун жообу өзү эле оркойуп чыгып калат. Менимче, алардын басымдуу көпчүлүгү кайрадан бийликке келишет. Бекеринен, “жамандыктын артынан жакшылык”, “жамандык болмоюнча жакшылык жок”... деген мааниси терең, философиялык сөздөрдү ата-бабаларыбыз бизге мурас кылып кетпесе керек. Экинчиден, табигаттын мыйзамы бар, аны эч ким жокко чыгара алган эмес – ал “бумеранг мыйзамы”. Анын далили катары азыркы бийликте отурган инилерибиздин тагдырын айтсак болот. Буларга чейин биз дагы ушундай жолду басып өткөн элек. Ошондуктан алардын келечеги кең, азыркы кыйынчылыктары убактылуу.

-- Өзбекстан менен болгон чек ара маселелери ушуну менен чыр-чатаксыз токтойбу?

-- Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилип, чекит коюлду. Бирок, келишимди ратификация кылууда мыйзам талаптарынын так аткарылбагандыгы, “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөлөрүнүн “оптом” кармалып камалгандары, келечектеги чырдын чыкпашына негиз болбойт” деп эч ким кепилдик бере албайт. Кайсы бир күнү чырдын башатына айланышы да мүмкүн. Бийликтин жеңиш катары баалаганы, оппозицияны утулушка теңегени саясый майдандагы эки тараптагы “айтышты” күчөткөнгө себеп болуп калды. Жыйынтыгында, бул ички саясый майданда “көпкө ойной” турган маселеге айланып, чырдын чыгышына негиз түзгөндөй акыбалга дуушар болуп калдык. Бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы.

-- Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара жагдайы да ачык бойдон калууда. Биздин мамлекет кандай кадамдарга барыш керек?

-- Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү бүгүнкү күндө бир канча оорчулукту жаратып жатканы баарыбызды түйшөлтүп жатат. 2021-жылдын апрелиндеги, 2022-жылдын сентябрындагыдай күч, басым жолу менен чечүү аракеттери туңгуюкка алып барып, мындан дагы чоң трагедияга кептелте турган жол. Ошондуктан ал маселени бир эле биздин мамлекет эмес, тажик тарап дагы союз тарагандан кийинки мыйзамдаштырылып, бири-брибиздин алдыбызда кепилдик алган 1991-1996-жылдардагы көп жана эки тараптуу келишимдердин жана декларациялардын гана алкагында тынчтык жолу менен чечүүсү зарыл. Ошондой кадамдар гана алгылыктуу болуп, өз жемишин берет.

-- Бизде оппозиция барбы?

-- Албетте, бар. Бириккен Демократиялык Кыймылдын (БДК) бир нече лидерлери жана өкүлдөрү Кемпир-Абад маселеси боюнча жогоруда өзүң айткандай камакта отурушат. Ал эми Жогорку 26.01.2023, 11:27 Исмаил Исаков: “Оппозициянын “Кемпир-Абадды коргоп калалы” деген аракеттери үчүн камакта отургандары абдан Кеңеште Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция катары расмий жарыяланган.

БДКнын лидерлеринин жана өкүлдөрүнүн күмөндүү, коомчулуктун ишенимин бекемдей албаган, коомчулукка белгилүү болгондой, болгону “Кемпир-Абадды коргоп калалы” деген аракеттери үчүн “оптом” кармалышып, камакта отургандары баарыбыз үчүн абдан өкүнүчтүү. Оппозициясы жок мамлекет эч качан өнүкпөйт. Андай өлкөдө мыйзамдар жарандарга бирдей иштебейт, коррупциянын гүлдөшүнө ыңгайлуу шарт түзүлүп, өзүмбилемдик күчөп, элдин чүнчүшүнө, кордолуп-зордолушуна алып келет. Ушуну баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Оппозициянын болушу баарыбыз үчүн пайдалуу жана керектүү, алардын өлкөдө мыйзам чегинде иштөөсүнө тоскоолдук кылбай, басым-кысым жасабай, бийлик өкүлдөрү дагы толук шарттарды түзүп бериши зарыл. Ошондуктан аларды тез арада камактан бошотуп, тергөө жана сот иш аракеттери ачыкайкын, мыйзамдуу жол менен иликтениши зарыл. Бийликтин ушундай иш-аракеттери гана чырдын уланбашына, чыкпашына жол ачып, стабилдүүлүк орун алып, маселелер ар тараптан иликтенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости