www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада Куран китептин өрттөлүшү мени абДан капа кылды. Мындай пикирин депутат Дастан Жумабеков бүгүн, 26-январда парламенттин жыйынында билдирди.

"Мен бүгүн тышкы саясатка токтолуп кетким келет. Батыш Европанын тактап айтсак, Швеция жана Нидерланды мамлекеттеринин жарандары, ал гана эмес Швециянын кайсы бир партиясынын лидери биздин динибизге, ислам динине акараат келтирип койгону мени абдан өкүндүрдү. Биздин ыйык Куран китебибиздин эл алдында демонстрациялуу түрдө өрттөлүшүнө кайгырып турам.

Бул исламофобияга, дискриминацияга алып келген терс көрүнүш деп айткым келет. Дүйнө жүзүндө ислам динин туткан көптөгөн биздин туугандарыбыз капа болууда. Ошондуктан аталган мамлекеттердин укук коргоо органдары провакация кылган жарандарга мыйзам чегинде чара көрөт деген ойдомун. Кыргызстан демократиялуу мамлекет болгондон кийин, Баш мыйзамда дин тутуу бул ар кимдин өз эрки катары кабыл алынган. Бирок, менин диним бул ислам, китебим Куран болуп саналгандан кийин, бул көрүнүшкө кайдыгер карап отура алган жокмун. Аз да болсо үнүмдү жеткирип коюуну чечтим". - деди Жумабеков.

Депутат ошондой эле, жалпы мусулмандарды сабырдуулукка чакырып, аталган жосунду жасаган адамдар кечирим сурайт деген ойдо экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 21-январда Түркиянын Швециядагы элчилигинин алдында жергиликтүү партиянын башчысы Расмус Палудан акция өткөрүп, анын жүрүшүндө Куранды өрттөшкөн. Алардын бул аракети мусулман коомчулугу арасында катуу сынга кабылып, каршылык акциялары өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости