www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Чимкириги тамып турган парламенттин атка минери  Самат Ибраев мурда үй-бүлөсү менен менен «Иегова күбөлөрү» деген сектада жүргөн. Кийин Атамбаевдер бийликке келгенде намаз окуп, «Саякбай», «Легенды» деген кино тартып, бийликке жакындаган. Атамбаевдин бийликте таасири түшкөн соң Дастан Жумабековго жата калып парламенттин аппарат жетекчиси болгон Самат Ибраев кыйратып деле ийген жок, жата калып жерди жалап «Манас» эпостун аркасы менен чамгарактап байып алган. Атасы баатырдык деле кылган эмес, угушубузга караганда анын аркы дүйнөгө кетишине баласынын эмгеги бар окшойт. Бул чиниш болор менен  мектепке атасынын атын койдурам деп, муштуму менен жер сабап жүрдү. Баласы 19 821 000 АКШ долларына  темир берем деп аферисттик кылып, качкан бойдон дүүлүгүп барып, из жашырып Болгариядан колго түшүп, ал жактан баш калкалоо сурап жүрөт.  Бийлик алмашканда бир заматта сатып, Садыр Жапаровго жагына албай жүргөн. Самат Ибраев жагыныш үчүн соодалашканы президентке талапкер да болду. Бирок бул бийлик жакын жолоткон жок.

Көптөгөн ишкерлердин 30 млн.доллардан ашык акчасын бербей жүргөн сдпкчы экс-депутат Самат Ибраев башында турган топ ар бийликтин тилин таап, элге акчасын кайтарбай келет. Бул акчаны алып берүүдө толтура факттарга карабастан коопсуздук кызматкерлери «алсыз» бойдон калышууда. Спикер Дастан Жумабековдун учурунда парламентти мыкчып турган Самат Ибраев. Спикер анын «тилине» кирип, элдин кыжырын кайнаткан болчу. Азыр бийликтен кетишкен, Самат Ибраевдин «тилине» көнгөндүгү үчүн жооп берер кез келди.

Коопсуздук органдарынын Ибраевдерге алы жетпей жатканы көптөгөн суроолорду туудурууда. Аны оор тагдыр күтүп турган болсо эч таң калууга болбойт. Эч бир мыйзам иштебесе эл өзү билгендей кылып чечип албай акчасын төлөп койсо дурус болмок. Самат Ибраевдин уюшкан тобу мыйзамга жооп берип 30 млн.доллардан ашык акчасы баласы 19 821 000 АКШ долларын берип коюш керек. Ишенчээк адамдарга берер кеңешибиз Ибраевдерге алданып калгандай алданып калбагыла.

2023-жылдын январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин интерпол Улуттук борбордук бюросунун кайрадан жөнөтүлгөн кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Д.Ибраев Болгариянын Интерполу аркылуу  кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда компетенттүү органдар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

ИИМдин Интерполу аркылуу издөөдө жүргөн Д.Ибраев Болгариядан үч жыл кармалган.Тоңмоюндукка салган Д.Ибраев Интерполду уруп да койбой өзүм билемдикке салып жүргөн. Маалыматта айтылгандай, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу тарабынан издөөдө жүргөн “маталлист” каймана аттуу жаран Болгариядан кармалды. 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бир катар алдамчылык аракеттерин жасаган жаран Д. Ибраевге карата издөө ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 821 000 АКШ долларындагы акча каражатына ээ болгон. Акча каражатын алган соң, жаран Д. Ибраев изин жашырып кеткен. Белгилүү болгондой, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп, Казакстан Республикасынын аймагына өтүп кеткен.

2020-жылдын февраль айында жаран Д.Ибраевге карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. 2020-жылдын 27-февралында ал Болгариядагы София борборунан Интерпол Улуттук борбордук бюросу тарабынан кармалып, камакка алынган. Бирок, Д.Ибраев адам укуктары боюнча Европалык сотко , андан сырткары, Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, адам укуктарын коргой турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Коргоо тарап экстрадициялоо боюнча чечимге арызданышкан. Апелляциялык сот болсо, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

2022-жылдын май айында, Болгариянын Варна шаарынын райондук сотунун чечими менен Д. Ибраевге эч жакка чыкпоо жөнүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүндөгүгө өзгөрүлгөн. Бирок, анын кайда жүргөндүгү белгисиз болгон. 2023-жылдын январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин интерпол Улуттук борбордук бюросунун кайрадан жөнөтүлгөн кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Д.Ибраев Болгариянын Интерполу аркылуу  кармалып, камакка алынды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости