www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев абактагылардын айрымдарын шарттуу түрдө бошотууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-январда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда темир тор артында 6 миң 600 адам жазасын өтөп жатат, алардын 226сы аялдар жана 12си өспүрүмдөр.

"Бул биздин жарандар, эч ким, эч качан ал жакта отуруп калбайт деген кепилдик жок. Биз тактап, шарттары менен таанышышыбыз керек. Алар жумушсуз отурушат. Көпчүлүгү ишке жарамдуу 45-50 жашка чейинки жарандар экен. Союз учурунда ар бир абактын ичинде чакан завод, фабрикалар болгон Азыр эч нерсе жок.

Бул адамдарды камсыз кылуу үчүн жылына өкмөттүн эсебинен жылына 1 млрд. сом каражат сарпталат. 

Ал жерде жалаң гана оор кылмыш жасагандар отурган жок. Соттун өкүмдөрүн дагы бир сыйра карап чыгып, эгер жеңил кылмыш менен соттолгон болсо, аларды шарттуу түрдө бошотпойлубу. Эмне кереги бар алады абакта кармап отургандын», - деди Токторбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости