www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрелден тарта унаалар камсыздандырылбаса айдоочуларга айып пул салынат деген эреженин мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев бүгүн, 26-январда парламенттин жыйынында билдирди.

"Кечээ унааларды милдетүү камсыздандыруу тууралуу бир топ сөз болгон. Бир катар депутаттар аны убактысын жылдырып турууну сунушташкан. Ушуга байланыштуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен сүйлүшүүлөр жүрдү. Мен эл өкүлдөрдүн сунуштарын айтып, аны менен кеңешип, жыйынтыгында унаалары камсыздандыруудан өтпөсө айып пул салынат деген эреженин мөөнөтүн жылдыра турган болдук". - деди Шакиев.

Ал ошондой эле,  президент Садыр Жапаровдун дагы ушундай маанидеги тапшырмасы бар экенин кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул жылдын 1-апрелинен тарта автоунаа ээлери жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруудан (ОСАГО) өткөрүшү керек болгон. Эгер бул убакытка чейин камсыздандыруу полиси жок болсо жеке жактарга 3000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салына баштары эскертилген.

Эскерте кетсек, парламенттин кечээки, 26-январдагы жыйынында бир катар депутаттар аталган маселеге каршы пикирлерин билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости