www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар унааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну жылдырып турууну бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сунушташты.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында буга камсыздандыруу компаниялар жана айдоочулар даяр эмес.

"Унааларды милдеттүү түрдө  камсыздандыруудан өткөрүү боюнча бизге көп адамдар кайрылып жатышат. 1-апрелден баштап күчүнө кирет. Негизи бул керек нерсе. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө бар. Бирок мындай ыргак менен кете берсе эч ким жетишпей калат. Ачыгын айтсак, 1-апрелге жетишүү үчүн күнүнө 10 миң унаа камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул абдан аз убакыт. Андыктан жай мезгилине, же болбосо кийинки жылга жылдырып турсак. Анткени бардык айдоочулар унаасын камсыздандыруудан өткөрүүгө жетишпей калып, жөн гана айыпка жыгылышат", - деди Бекешев.

Буга депутат Нуржигит Кадырбеков да кошулду.

"1-парелге чейин унааларды каттап бүтүү керек деп айтып коюу оңой нерсе. Күнүнө 10 миң унааны өткөрүү физикалык жактан мүмкүн эмес. Бүгүн кайсы бир камсыздандыруу компаниянын жетекчисинин маегин уктум. Ал абдан бактылуу болуп жатат. Албетте, ал бактылуу болбогондо ким бактылуу болот? Кыргызстанда 2 миллион унаа болсо, ар бири жок дегенде 1600дөн 3 миңге чейин төлөйт экен. Эми эсептеп көргүлө канча каражат түшүп жатат. 

Бул абдан машакаттуу иш. Бир канча документтерди талап кылат экен. Электрондук версиясы да жок. Биз өнүкпөй эле СССР убагына кетип жатабыз. Бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүнбөсө социалдык чыңалуу болуп, кийинки митингдер камсыздандыруу компаниялардын алдында болот", - деди Кадырбеков.

 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев бул маселе боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаров менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

"Милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюча маселе коомчулукта абдан чоң талкууну жаратты. Бул талкууга биз сөзсүз көңүл бурабыз жана сиздер айткан сунуштарды эске алабыз. Буюрса оң жыйынтык болот". - деди Шакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости