www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский жаңы мыйзамга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский буйрук аткарбаган, согуш талаасынан же аскер бөлүгүнөн качкан аскер кызматкерлеринин жазасын катаалдаткан мыйзамга кол койду.

Мыйзам боюнча, буйрук аткарбаган аскерлер 3 жылдан 7 жылга чейин, дезертирлер 5 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Ошондой эле, аскер бөлүгүнөн же кызмат өтөгөн жеринен өз билемдик менен кетип калган, согуш талаасын өз билемдик менен таштап же курал-жаракты колдонуудан баш тарткан аскер кызматкерлери 5 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Буга чейин Украинада бул мыйзам сынга да кабылган. Укук коргоочулар аскер кызматкерлеринин укугу чектелип жатканын айтышкан. Бирок Укриананын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный армияда тартип керек экенин белгилеп, бул мыйзамды колдогон.

Анын айтымында, айрым аскер кызматкерлери буйрук аткарбай койгондуктан, фронтто «тешиктер» пайда болуп, аны башка жоокерлер жабууга мажбур болгондуктан, армия көп жоготууга дуушар болууда. «Кээде алдырып жиберген позицияларды чоң күч жумшап, чабуул менен кайра кайтарууга туура келип жатат. Мындай болбошу керек», - деген Залужный.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости