www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам жаш активист Эрлан Бекчороевдин жубайы Шаршекүл Аманованын УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуусун гезит бетине берип коюуну эп көрдүк.

-- Бүгүн жолдошум Эрлан Бекчороевдин күнөөсүз камакта жатканына 87 күн болду. Андан бери Жараткандан гана үмүт артып калганыбызды Камчыбек Ташиев туйса керек деп ойлойм. Албетте, убагында абак азабын көргөн инсан катары өткөнүнө саресеп салып толгонгондур... Кудайга үнүбүз жетсе, пенде кайда качмакпыз.

Камчыбек Кыдыршаевич айтмакчы, падыша баш болуп Кудай алдында баарыбыз окшош пендебиз! Дегеним, Камчыбек Ташиев бийликке келе электе Кемпир-Абад боюнча бийликке койгон талабына жолдошум Эрландын жана Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткан саясый туткундардын бийлик өкүлдөрүнө айткан сындары окшош.

Демек, Камчыбек Кыдыршаевич бул ишти жакындан билген үчүн Кемпир-Абад боюнча ИИМдин жасалма токуган ишин УКМК жетекчиси катары токтотууну колго алды деп түшүнүп, үмүт арттым...

Булак: Азия News гезити

Последние новости