www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөндө "Мегакомду" Өкмөт сатыла турган мулктүн тизмесине кошуп, баасы 12 миллиард сомго бааланганын айткан. 

Анан коомчулукта президент Жапаров кезинде өзү: "Алтын жумуртка тууп, бюджетке жылына 5 миллиард сом салык төгүп, киреше киргизип жаткан ишкананы саттырбай сактап калалы", - деп жүрүп, анан өзү келгенде өз наркынан кыйла арзан соодалап жатканы эмнеси деп нааразы болгон ачуу сындар айтылган. 

Президенттин сөзү менен иши айкашпай калгандан уламбы, кырдаалдан чыгуу үчүн:  "Мегакомду" Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алып кожоюндук кылышы мүмкүн. Ошондо мамлекеттин өзүндө калат, банктын карамагында болсо укмуш өнүгөт", - деген жомокту токуй коюшту. 

Башкача айтканда президенттин пресс катчысы Эрбол Султанбаев:

"Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт. 

Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун  алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө", - деп жымсалдаган. 

Улуттук банк же дагы башка мамлекеттик банк сатып алабы, же албайбы азырынча белгисиз. Анткени, бул жерде элдин көзүнө топурак чачкан махинация бардай туюлат. 

Себеп дегенде," Мегакомду" өнүктүрүү үчүн сөзсүз мамлекеттик банкка сатыш керекпи? Сатпай эле өнүктүрсө болбойбу? 

Дегенибиз, "Мегакомду" мамлекеттик банк сатып алды кылып, 12 миллиард сомду, мамлекеттин бир чөнтөгүнөн алып, кайра бир чөнтөгүнө салабыз деген логикага сыйбай турат. 

Андай болсо элдин башын айлантпастан, ишкананы кирешесин мындан дагы көбөйтүп өнүктүр деп жөн гана Улуттук банктын балансына атайын милдеттеме, талап шарт менен өткөрүп койсо болбойт беле? 

Албетте, болмок. Анан эмнеге сатты кылып мышык-чычкан кылып, көз таңмай ойноп жатышат? Иттин өлүгү жыттанган жокпу? Элибиз қыңыр иш кырк жылда билинет дешкен. Азыр кырк күндө эле ачыкка чыгат. Эмнеси болсо да мамлекеттин карамагында калса болгону. Көз будамайлап, кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты кылабыз дегендер жаңылышат?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости