www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Триллионго жакын доллар чыгым болдук деп Украинанын президенти Владимир Зеленский кан-какшап туру. Учурда Зеленский Пентагондун ээси менен жашыруун жолугушкан соң өз ордосунун чаң-тополоңун чыгарып жиберди. Согуш башталгандан бери анын баскан изине көз салсак Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремлдин агенти сыяктуу:

1.Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштан каалашынча акча соруп жатат.

2.Атайын операция башталгандан кийин орус бизнесмендердин атаандаштары Орусияда аларга орун бошотуп беришип, өз өлкөлөрүн көздөй куйругун түйүштү.

3. Украинанын президенти Владимир Зеленский курал-жарактарды ала берип, Шольц айткандай бундесверде өздөрүнө да курал калбай калды.

4. Украинанын президенти Владимир Зеленский бүт Европада газды токтотту, эми алар орто кылымдардын деңгээлинде жашап калышты.

5.АКШ менен Евросоюздун капчыгындагы акчаларын соруп, кымбатчылыкка түртүп жатат.

6.Украинага дүйнөдөгү бардык жалданмаларды, маргиналдарды, көк мээлерди, маньяктарды, киши өлтүргүчтөрдү чогултту, эми аларды орустар пачкалап улутсуздаштырып жатат.

7.Путиндин алдына орус элин бириктирип чогултуп берди, Путин бийликте турганы мындай биримдикти көргөн эмес.

8.Батышты сүйгөн эстрада жана киножылдыздарын өлкөдөн кууп чыгышты.

9. Рублдин кадыр-баркын көтөрдү.

10.Орустарга Донбассты белекке берди... дагы алдыда көп окуялар алдыда.

Орусияга Украинанын президенти Владимир Зеленскийдей мыкты иш эч ким жасаган эмес. Ал ортодо согуштун очогуна айланган Украинада дагы бир “согуш” башталды. Башкача айтканда, президент Владимир Зеленский өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мындан улам Украинанын бир нече жогорку даражалуу чиновниктери кызматтан алынууда. Маалым болгондой, 24-январда башкы кеңешчи, министрдин төрт орун басары жана беш облустун губернатору кызматтан кетти. Алардын кетиши Украинада коррупцияга каршы масштабдуу өнөктүк башталган учурга туш келди. Соңку кездери бир катар украин аткаминерлери паракорчулукка, азык-түлүктү кымбаттатылган баада сатып алууга жана байма-бай жашоого айыпталган.

Кызматынан ажырагандардын арасында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Кирило Тимошенко да бар. Ал Зеленскийдин шайлоо компаниясында иштеп, кийин аймактык саясатка жетекчилик кылган. Тимошенко кымбат баалуу унааларды колдонгону боюнча чуулгандуу иштерге аралашканы менен, ал өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып келет. Кызматтан кеткенин жарыялагандан кийин ал өзүнүн Telegram каналында Зеленскийге күн сайын жана мүнөт сайын жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле отставкадагы чиновниктердин арасында башкы прокурордун орун басары Олеский Симоненко, коомчулук жана аймактык өнүктүрүү министринин орун басарлары Иван Лукеря жана Вячеслав Негода, социалдык саясат министринин орун басары Виталий Музиченко, Днепропетровск, Запорожье, Киев, Сумы жана Херсон облустарынын губернаторлору бар.

Кызматтан кетүү мезгили баштала электе Зеленский мүчө болгон "Элдик кызматчы" партиясынын лидери Девид Арахамия коррупционерлер түрмөгө кесилиши мүмкүн экенин айткан: «Баардык чиновниктер расмий жана бейрасмий каналдар аркылуу «согушка көңүл бургула, жабыркагандарга жардам бергиле, бюрократияны азайткыла жана күмөндүү бизнести токтоткула» деген ураандар менен тынымсыз эскертип турушат. Алардын көбү буйрукту чындап укса, тилекке каршы кээ бирлери укпай коюшту. Ырааттуу иш кылбаса, согуш мезгилинин мыйзамы боюнча жооп берет», — деп жазды ал Telegram баракчасына.

Маалымат үчүн айта кетсек, Украинада акыркы жылдары коррупцияга каршы реформалар жүргүзүлүп жатканы менен бул көйгөй батыш союздаштарынан миллиарддаган доллар каржылык колдоо алган Киев үчүн дагы эле чоң коркунуч жаратууда. Анткени Украинага батыш тараптан берилген акчалардын баардыгы карыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости