www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда профсоюздардын 700 миңден ашык мүчөсү бар экен. Алар алган айлыктын 0,1 %ын которушат, бирок канча түшкөнүн айтпаган уюм экен. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында өлкөдөгү профсоюздарды 1992-жылдан ушул күнгө чейин 30-40 эле адам башкарып келет. Алардын алды 80 жашка таяп калган. 

"Алар сатып жиберген жерлер боюнча анализ жүргүздүк. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы балдар лагерин 6 гектар жери менен 945 миңге сатып жиберишкен. 

Экинчиден, Ош облусундагы Абшир-Ата туристтик базасын жери менен кошо 1 миллион сомго сатышкан. 

Үчүнчүдөн, Жалал-Абад курортунда бир канча гектар жерлерди менчикке берип салышкан.

Төртүнчүдөн, Бишкек шаарындагы Фере көчөсүндөгү турбазаны 5 гектар жери менен кытайларга беришкен.

Андан сырткары, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан "Ысык-Ата" курортуна депутаттык комиссия бардык. Аталган курорт учурда ыйлай турган абалда. Ал жактагы жети жер участогунда курулуш иштери жүрүп жатат. 

Ошондой эле, Чүйдөгү "Воронцовка" ден соолукту чыңдоо борборунун үстүндөгү, "Красная гвоздика" пионердик лагердин 6 гектар жерин Ысык-Көл облусундагы 60 сотых жерге алмаштырып салышкан", - деди депутат.

Ал ошондой эле, профсоюздарда эмгектенгендер КР мыйзамдарын көзгө илбей каалаган жерлерди, курортторду, лагерлерди өз ара чечишип алып сата беришээрин кошумчалады.

"Алардын көптөгөн кылмыш иштери ачылган. Бүгүнкү күндө териштирүү болуп жатат. 

Урматтуу депутаттар, ушул профсоюздардын жерлерди мыйзамсыз сатып жатканы менен күрөшүү керек болуп жатат. 

Аталган жерлерди мурунку өкмөт башчыларынын туугандары да алган. Андыктан күрөшүү оор болуп жатат. Алар тааныш-билиш, тууган-уруктарды ортого салып жатышат. Бирок, биз бул иштин аягына чыгабыз", - деди Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости