www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова деген бар. Бээ тууралуу сөз болсо, төөдөн кеп салган неме. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген. Кызыгы, Адахан Мадумаров мындай жоктон бар кылып муну кайдан таап, партиясына кошкон деп таң калгандар көп.

Ооз ачып сүйлөгөнү эле өзүнчө анекдот. Күлөөрүңдү же ыйлаарыңды билбейсиң. Өткөндү козгоп, өңгөсүн айтып эмне кылалы, мына кечээ эле "Супер тв" каналына берген маегине токтолсок, Айдарованын акыл-парасатына "бали" дейсиң.

Журналисттин кайсы маселеге добуш берүү кыйын болду деген суроосуна эл өкүлү өз сөзүндө: "Кемпир-Абад боюнча мен макул бассам деп келгем. Анткени атам география сабагынан мугалим болгондуктан жакшы билет экен. Кемпир-Абад 65-жылы өткөн, бирок кагаз жүзүндө кол коюлган эмес кызым, макул бас деп мага бир ай айтып жүрдү. Мага атамдын сөзү сөз. Атам эмне десе ошону кылам. Ошол күнү бул жакка ичимен куран окуп жөө келдим", - дейт.

Мына деңгээл! Жер-суу тагдыры чечилип жатса," атам айтты, ал жакшы билет экен макул" дедим дейт. Буга эл атасынын айтканын, атасынын каалоосун эмес, элдин маселесин чечсин деп шайланган деп айтып койчулар барбы?

Акылы жайында болсо, мандатын өткөрүп берип, атасынын акылын угуп жеке иштерин кылсын. Кемпир-Абадды жаназасын окуп жаткансып, ичимен куран окуп келдим дегеничи...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости