www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мына ачыгын айтыш керек, учурда “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси Алманбек Исмаиловдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалымат булактарында, социалдык тармактарда бир катар жүйөөлү сындар айтылып жатат.
Чынында Алманбек Исмаилов “Кыргызиндустрияга” жетекчи болуп келгенден кийин, ишкананын иши айрандай баштаган. Мурда ишкананын карамагында бир нече өндүрүш ишканалары ачылып, өндүрүш өргө кетип, кубаттуулугу арта баштаган.
Натыйжада, эмне болду? Исмаилов иштин баарын иритти. Ишканада абал кескин начарлап, өндүрүш кургуйга кулады. Ачылган заводдор жана цехтер кайра жабылып, көйгөй көбөйүп, иш солгундады. Интрига күчөп, кызматкерлер өз убагында айлык маяна алалбай, каржылык маселелер пайда болду. Жең ичинен иш бүтүрмөй, алакан ысытмай сыяктуу схемалар ишке киргени тууралуу бүдөмүк, мандемдүү көрүнүштөр арбыган. Тиешелүү органдар тыкыр текшерүүгө алышса, былыктуу иштер калкып чыкса керек.
Көрсө, Исмаилов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге таянып алып, өндүрүштү өөрчүтүп, киреше киргизгендин ордуна өз билген боткосун чала берген тура. Эми ал таянган “көзүр” азыр жок. Майнап чыгара албаган, мындай кадрлардан тезирээк тазалануу зарыл. Коомчулукта айтылып жаткандай, Исмаиловдун ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары текшерип анализдесе, ишкана кандай чыгым тартканын, өзү эң жогорку айлык алып, андан тышкары кандай пайда көргөнү айкын көрүнөт эле.
Андыктан, артын тазалап, көп нерсенин изин суута электе, тиешелүү органдар ишти эртерек колго алышса ашыкча болмок эмес. Анткени ишкерлердин укуктары, бюджеттик каражаттар жана “Кыргызиндустрия” ишканасынын заводдору менен цехтеринин келечеги үчүн олуттуу көңүл бурулуп, чара көрүлүүгө тийиш.