www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев «Дени сак коом – 2026» форумунун алкагында Москва шаарында өткөн «Өнөкөт жугуштуу эмес ооруларда жүрүм-турум тобокелдиктерин алдын алуу. Чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын натыйжалуулугу» аттуу тегерек столдун ишине катышты.

Өз сөзүндө ал өнөкөт жугуштуу эмес оорулар (ӨЖЭО) саламаттык сактоо системасы үчүн негизги чакырыктардын бири бойдон калып жатканын белгиледи. Кыргызстанда өлүмдөрдүн 80 пайыздан ашыгы дал ушул ооруларга байланыштуу болуп, негизги тобокелдик факторлору катары тамеки жана алкоголду колдонуу, туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн төмөн деңгээли саналат.

Бакытбек Кадыралиев белгилегендей, натыйжалуу алдын алуу медициналык чаралар менен гана чектелбестен, жөнгө салуучу жана тармактар аралык чечимдерди талап кылат. Алар сергек жашоо образын калыптандырууга шарт түзгөн чөйрөнү түзүүгө багытталышы керек.

Ал Кыргызстанда 2019–2030-жылдарга карата «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» улуттук программасы ишке ашырылып жатканын, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына негизделген ыкмалар киргизилип жатканын белгиледи. Негизги багыттардын катарына тамекиге каршы күрөштү күчөтүү, туура тамактануу саясатын өнүктүрүү, кант, туз жана трансмайларды керектөөнү чектөө, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде тобокелдик факторлорун эрте аныктоо кирет.

Ошондой эле гипертония, кант диабети жана башка тобокелдик факторлорун эрте аныктоо боюнча клиникалык протоколдорду киргизүү, саламаттык сактоонун санариптик инструменттерин өнүктүрүү жана профилактикалык иштерде медайымдардын ролун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, өлкөдө активдүү узак жашоо программалары ишке ашырылып, мектептик саламаттык комитеттери түзүлүп, сергек жашоо маданиятын калыптандырууга багытталган коммуникациялык кампаниялар жүргүзүлүүдө.

Жыйынтыгында министрдин орун басары өнөкөт оорулардын алдын алуу мамлекеттик саясат, тармактар аралык кызматташтык жана коом менен активдүү байланыш айкалышкан учурда гана натыйжалуу болорун белгилеп, бул калктын эрте өлүмүн азайтууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүндүк берерин айтты.

Последние новости