www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиянын премьер-министри Марио Драги отставкага кетээрин жарыялады. Бул тууралуу Италиянын министрлер кеңешинин басма сөз кызматы билдиргенин ANSA басылмасы жазды.
«Мен бүгүн кечинде өзүмдүн отставкамды Республиканын президентине тапшырам», - деп Италиянын министрлер кабинетинин башчысынын сөзүн басма сөү кызматы билдирди.
Драгинин айтымында, ал парламенттеги инаугурациялык сөзүндө саясий күчтөр ишеним көрсөткөн өкмөттүк программаны ишке ашыруунун айкын перспективасы болгондо гана аткаруу бийлиги алдыга жыла аларын билдирген. Ал мындай шарттар мындан ары жок экенин баса белгиледи.
«Парламенттеги бүгүнкү добуш берүү саясий көз караштан алганда абдан маанилүү окуя», - деди саясатчы. Ал башынан эле өкмөттү колдоп келген жалпы улуттук көпчүлүк жок деген тыянак чыгарды. Кеп Италиянын Сенатында 14-июлда болуп өткөн добуш берүү жөнүндө болуп жатат, анда парламентарийлер Драги жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтүшкөн.
Булак: NazarNews.kg