www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун сындап, алар "эл аралык укук нормаларынын чегинен чыкканын" эскертип, бул чабуулду дүйнөлүк тартиптеги кеңири кризистин контекстинде кароо керектигин белгиледи.

Европалык өлкөлөрдүн басымдуусу АКШ менен Израилге түз сын айтканга батынбай турганда, Мелонинин сынына көптөр түшүнө албай калды

Анткени, Италия ошол эле кезде Перс булуңундагы өлкөлөрдү абадан коргонуу каражаттары менен камсыздап жатат. Премьер аймактагы италиялык жарандарды жана ал жерде жайгашкан 2 миңдей аскерди коргоо зарылдыгына басым жасады.

Ал арада Испания Израилдеги элчисин чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Мадрид АКШ менен Израилдин Ислам жумуриятына каршы согуштук операциясына каршылыгын билдирген.

Последние новости