www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалы - Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин Талас облусуна жалпысынан 1158 даана темир-бетон мамыча орнотуу иштери пландалууда.

Бул иштер 0,4-10 кВ аба чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо алкагында жүргүзүлөт.
Райондор боюнча бөлүштүргөндө:

• Бакай-Ата району – жалпы 257 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 7 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 250 даана мамыча алмаштырылат.

• Манас району – жалпы 228 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 65 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 163 даана мамыча алмаштырылат.

• Айтматов району – жалпы 316 даана.
Анын ичинен 10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 12 даана жаңы мамыча орнотулуп, 0,4-10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштеринде 304 даана мамыча алмаштырылат.

• Талас району – жалпы 302 даана.
Анын ичинен 0,4-10 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 164 даана жаңы мамыча орнотулуп, реконструкциялоо иштеринде 138 даана мамыча алмаштырылат.

• Талас шаары – жалпы 55 даана.
Анын ичинен 0,4 кВ аба чубалгысын куруу иштеринин алкагында 17 даана жаңы мамыча орнотулуп, 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо иштеринде 38 даана мамыча алмаштырылат.

 

Последние новости