www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июль айында күтүлгөн аба ырайы

Өлкөнүн аймагында июль айындагы абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болушу күтүлөт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын орточо температурасы 23...25°, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 16...18° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13...18° жылуулуктан 19...24° жылуулукка чейин, күндүз 22...27° жылуулуктан 33...38° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6...11° жылуулуктан 13...18° жылуулукка чейин, күндүз 20...25° жылуулуктан 29...34° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы 21...23° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9...14 градус жылуулуктан 15...20° жылуулукка чейин, күндүз 21...26° жылуулуктан 31...36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы 24...26°, тоо этектериндеги райондордо 20...22° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 14...19° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейин, күндүз 23...28° жылуулуктан 34...39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10...15° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 19...24° жылуулуктан 31...36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы 24...26°, тоо этектериндеги райондордо 20...22° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 14...19° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейин, күндүз 23...28° жылуулуктан 34...39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10...15° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 19...24° жылуулуктан 31...36° жылуулукка чейин өзгөрүлөт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 14...19° жылуулуктун тегерегинде болсо, күндүз 21...26° жылуулуктан 30...35° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 24...26°, тоо этектериндеги райондордо 20...22° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 14...19° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейин, күндүз 23...28° жылуулуктан 34...39° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10...15° жылуулуктан 16...21° жылуулукка чейин, күндүз 19...24° жылуулуктан 31...36° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 17...19° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12° жылуулуктан 13...18° жылуулукка чейин, күндүз 15...20° жылуулуктан 25...30° жылуулукка чейин өзгөрүлөт.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 17...19 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3...8° жылуулуктан 11...16° жылуулукка чейин, күндүз 17...22° жылуулуктан 27...32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Алай өрөөнүндө абанын айлык орточо температурасы 9...11 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2...7° жылуулуктун тегерегинде болсо, күндүз 10...15° жылуулуктан 18...23° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Чаткал өрөөнүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 16...18° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5...10° жылуулуктун тегерегинде, күндүз 17...22° жылуулуктан 27...32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Суусамыр өрөөнүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 13...15° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3...8° жылуулуктун тегерегинде болсо, күндүз 13...18° жылуулуктан 24...29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости