www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Финансы министри Жанет Йеллен эгер АКШда дефолт болчу болсо, эл аралык өнөктөштөрдүн Американын өзүнө да, долларга да ишеними жоголорун билдиргенин РИА Новости жазды.

Бул тууралуу министр Жанет Йеллен: "Дефолт экономикалык жактан коопсуз мамлекет делген АКШда болсо, резервдик валютабызга ишеним жоголот. Бул болуп көрбөгөндөй экономикалык зыянды шарттайт", — деп белгилеген. 

Дал ушул жагдайга байланыштуу июнда АКШда дефолт болгону жарыяланып, АКШнын аймагынан сырткаркы долларлардын жараксыз болуп калышы мүмкүн экенин Беларусь мамлекеттик технологиялык университетинин Бизнес технологиясы, менеджмент жана туруктуу өнүгүү боюнча кафедра жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Ирина Новикова Sputnik радиосуна айтып берген.

Бул боюнча ал: "Силерге Федералдык резервдер системасынын мурдагы башчысы, азыр АКШнын финансы министри Жэнет Йеллендин айтканына таянып бир сырды ачып коёюн. Июнда АКШда дефолт болгону жарыяланат. Демек, алар АКШнын аймагынан сырткаркы долларлардын жараксыз болуп калганын да жар салышы мүмкүн. Андыктан акчасын доллар менен топтоп жүргөндөр азыртадан ойлонушу керек", — деп эскертти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости