www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жо Байден россиялык "Түндүк агым" газ түтүктөрүн Украинадагы кырдаалдан улам жардырууну чечкен. Бул тууралуу аталган окуяны иликтеген америкалык журналист Сеймур Херш CGTN телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новостижазды.

Анын айтымында, тиешелүү чечим сентябрдын соңунда кабыл алынган.

"Украинанын согуш талаасындагы абалы Байдендин тынчын алса керек. Батыш Европанын, өзгөчө Германиянын Киевди андан ары каржылоосу жаатындагы маселе түпөйүл кыла башташы мүмкүн", — деген Херш.

 

Журналисттин айтымында, Батыш ЖМКлары жазгандай, кылмыштын артында турган "миллион долларга яхта жалдап, жасалма паспорт көтөргөн украиналыктардын тобу" тууралуу окуя акылга сыйбайт.

"Чындап эле жасалма паспорт менен ушундай нерсени жасоого мүмкүн деп эсептейсиздерби? Күлкү келтирерлик болсо да версия катары айтылды. Ак үй буга аябай ишеним артса керек, бирок үмүтү орундалган жок", — деди Херш.

 

Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөр магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жо Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.

Кийинчерээк британиялык The Telegraph гезити Батыштын атайын кызматтары "Түндүк агымдагы" терактыларга украиналык бизнесмендин тиешеси бар деген пикирде экенин жазып чыккан. Ал эми The New York Times гезити россиялык газды Европага жеткирүүнүн негизги маршрутун украиналык топ жарактан чыгарганын, бул адамдардын планынан Киев бийлиги кабардар болбогонун маалымдаган.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай билдирүүлөр алагды кылууга багытталган аракет экенин белгиленген болчу.

Последние новости