www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Химки шаарында 37 жаштагы кыргызстандык киши өлтүрүлгөнүн «Московский комсомолец» басылмасы жазды.

Кылмыш 19-март күнү болгон.

ЖМКлардын маалыматына караганда, мындан бир ай мурун 39 жаштагы аял 36 жаштагы слесарь күйөөсүн 46 жаштагы сүйгөнү үчүн таштап кеткен. Расмий түрдө ажырашуу болгон эмес. Бул убакыттын ичинде слесарь аялын бардык чаралар менен кайтарууга аракет кылган.

Каргашалуу окуядан бир жума мурун эркек аялынын кимге кеткенин билген. Ал анын сүйүктүүсү менен болгон мамилесин билүүнү чечип, түнү менен анын үйүнө келген. Ал кыргыз кесиптешин ээрчитип алган. Ага чейин алар спирт ичимдиктерин ичип, аялга телефон чалып, ал жашап жаткан үйгө барышкан. Ал жанына мергенчилик бычагын алып алган.

Ортодо жаңжал чыгып, жыйынтыгында кыргызстандык курсак тушка бычак жеген. Баары эмне болгонун түшүнбөй калышкан. Ал мас абалында болгондуктан уктап калды деп ойлошкон. Бирок ал тез жардам келгиче каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости