www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга толугу менен көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда кечээ, 22-мартта, саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 м аралыкта жетпей калган.

Буга байланыштуу кече ыкчам түрдө Өзгөн районунун Жарандык коргонуу кызматтарына "айгай" жарыяланып, райондук №53 ӨКБдан 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлгөн. Жеринде райондук ӨК бөлүмүнүн офицери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.

2023-жылдын 22-мартында Өзгөн райондук РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.

Аталган аймактагы жер көчкү түшү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости