www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Кытайга барат

2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапар менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай-Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат. Ошол эле учурда анын президент болуп дайындалгандан берки Кытайга биринчи мамлекеттик сапары болмокчу.

«Биз бул сапарга чоң маани беребиз. Азыр эки тарап тең иш-чарага кызуу даярдык көрүүдө. Ал чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын жалпы коомчулугун курууда жаңы кадам таштайбыз», — деп жыйынтыктады Ду Дэвэнь.

Последние новости