www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Тилекмат Куренов “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган активист, саясатчылар тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазды.

«Илгиз Шаменов, Орозайым Нарматова, Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай, Асия Сасыкпаева, Эрлан Бекчороев, Атай Бейшенбектерди “угроза” көрүп, ошолор менен кармашып, чабышып, айтышып жаткан бийликти ким сыйлайт. Алардын айрымдары үй-бүлөсүн багып келет, ымыркай балдары бар. Ошолорго таш боорлук кылган бийлик эч кимге жакшылык кылбайт.

Мен буюрса БУУнун алдында пикетке даярданып жатам. Дүйнөлүк коомчулук бийликтин чыныгы жүзүн көрүп, өлкөбүздө болуп жаткан саясий репрессиялардан кабардар болуш керек», - деп жазган жарандык активист.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости