www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гендердик облигация деген эмне жана анын тарыхы

Акыркы учурда каржылык инструменттер көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Тиешелүү адистер каржылоо чөйрөсүндө да гендердик теңдикти маанилүү деп эсептешет. “Гендердик” облигациялар GLI термини 2009-жылы пайда болгон. Бир канча жылдан кийин Бүткүл дүйнөлүк банк “гендердик” облигацияларды чыгарган. Белгилей кетсек, 2019-жылдагы эмиссиядан соң Veris Wealth Partners 2023-жылы “гендердик” инвестициялардын көлөмү 20 млрд долларга жетет деп болжогон.

БУУнун курамына кирген UN Women гендердик облигацияларды колдонуу боюнча өзүнчө гайд иштеп чыккан. Документтин авторлорунун айтымында, социалдык жоопкерчилиги чоң болгон “кагаздардын” көптүгүнө карабай, бул рыноктун мүмкүнчүлүктөрү толук колдонула элек. Гендердик облигация – аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн долбоорлорду каржылаган анык кирешеси көрсөтүлгөн баалуу кагаз. Максаты – гендердик теңдикти камсыздоо. Ал БУУнун туруктуу өнүктүрүү боюнча эрежелеринин талабына жооп берет.

Гендердик облигациялардын негизги айырмачылыгы – гендердик аспекттерге көңүл бурган компанияларды гана каржылайт: аялдар жетектеген же ээлик кылган, жумуш орундарын берүүдө гендердик теңдикти сактаган жана аялдардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында иштеген компаниялар. Кыргызстандагы алгачкы гендердик облигацияларды "Азия банкы" чыгарат. Аны сатуу иш-чарасы 2022-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарындагы "Novotel" отелинде болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости