www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 9-ноябрдан бери жылуулук электр борборун отун менен камсыздоодо көйгөйлөр байкалууда.

Бул тууралуу Улуттук диспетчердик борбордун директору Музаффар Бобоевдин аймактык электр түйүндөр ишканаларынын жетекчилерине, Энергетика министрлигине жана Өзбек энергоинспекциясына жолдогон катында айтылат.

12-ноябрда жылуулук электр станцияларына график боюнча 350 миң куб метрге аз газ жеткирилген. Анын ичинде Ташкент жылуулук электр станциясына 50 миң куб метр газ берилген. Бул белгиленген көрсөткүчкө караганда 270 миң куб метрге аз. Эноргоблоктордун технологиялык параметрлерин төмөндөтүүгө жол бербөө үчүн №1 буугаз орнотмосунун жумушу менен эки энергоблоктун иши токтотулган. Жыйынтыгында станцияда электр энергиясын иштеп чыгуу 500 МВтка чейин төмөндөгөн.

Буга байланыштуу Улуттук диспетчердик борбор график боюнча жогорку чыңалуудагы линияларды өчүргөн. Бул электр кубатын пайдаланууну төмөндөтүүгө жол ачкан.

"Улуттук диспетчердик борбордун аймактык бөлүктөрү электр энергиясын колдонууну төмөндөтүү боюнча тапшырмаларды аткарбай жатканы – Борбор Азия биргелешкен энергетикалык системасында ири аварияларга алып келиши мүмкүн", - деп айтылган катта.

25-январда үч өлкөдө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда электр энергиясынын иштөөсү үзгүлтүккө учураган. Мартта электр кубатынын өчүшүн иликтеген мамлекеттер аралык комиссия жарык Өзбекстандын энергосистемасындагы алешемдиктерден улам өчкөнүн аныктаган.

Казакстан менен Кыргызстан бир нече саат ичинде электр кубатын берүүнү калыбына келтирген, Өзбекстан бир нече күндөн кийин гана авариянын кесепеттерин жоё алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости