www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин коргонуу күчтөрү бир айга созулган операциянын алкагында Газадагы 14 миңден ашуун бутага сокку урду. Бул тууралуу "Al Arabiyaга" Израилдин коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Даниел Агариге шилтеме берүү менен билдирди.

Анын ырасташынча, израилдик аскерлер ХАМАСтын мүчөлөрү колдонгон 100дөн ашык туннелди жана 4000ден ашык курал кампаларын жок кылышкан. Алардын көбү жарандык имараттарда, мечиттерде, бала бакчаларда жайгашкан.

«Биз ийгиликке жетишип жатабыз, бирок алдыда көп жол бар. Хамастын террористтери тынчтык орнойт деп өздөрүн ынандырып жатышат. Бирок тынчтык болбойт. Биз алдыга умтула беребиз. Күчтөрүбүздү Газадагы чабуулга топтоп жатабыз»,- дейт Агари.

Ал ошондой эле Хамастын чалгындоо жана курал-жарак бөлүмүн жетектеген лидерлердин бири Мохсен Абу Зиндин өлгөнүн жарыялады. Аскердик кызматкерлеринин айтымында, Абу Зин стратегиялык ок-дарыларды жана ракеталарды чыгарууга жооптуу болгон.

Маалым болгондой, Израил менен Хамастын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Израил тараптан 1400 адам набыт болуп, палестиналык курмандыктардын саны 10 миңден ашты. 2-ноябрда Израил армиясы Газа шаарын толугу менен курчоого алганын жарыялаган.

Алибек Бейжанов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости