www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында, Филармонияда А.Масалиевдин 90-жылдыгына арналган жыйын өттү, жыйында анын өрнөктүү жолуна таазим кылып, эскерүү иш-чарасына президент Садыр мырза баш болгон мамлекеттик, коомдук ишмерлер, А.Масалиевдин партиялаштары, санаалаштары, шакирттери катышты. Президент Садыр мырза өзүнүн сөзүндө А. Масалиевдин ысымы элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат деп так айкын баа берди.

Апсамат Масалиев агабыз жөнүндө айткан сайын айта бере турган улуу инсан.

Ал, өмүрүнүн аягына чейин коммунистик идеяны ыйык тутуп, анын принциптеринен тайбай, мансапка, байлыкка, бийликке умтулбай, чыныгы коммунист бойдон калды. Башка коммунистерден айырмаланып, мамлекеттин завод-фабрикаларын талап-тоноого катышкан жок, совхоз-колхоздордун малдарына, жерлерине дагы тийген жок. Тескерисинче, алар таланып-тонолгондо өзүнүн жеке буюмдары тонолгондой кайгырып, кейинип, абдан бушайман болуп жүрдү.

Эки жолу президенттик  шайлоодо  ага берген добуштарды ачыктан ачык бурмалашканда дагы, элдин тынчтыгын каалап, элди бөлбөй, митинг, пикет, демонстрацияга чыгарбай, сотко дагы бербей, өлкөдө стабилдүүлүк жана биримдик керек, эл көчөгө чыкса жабыр тарткандар болот, мага андай бийликтин кереги жок деп, чатакка барбады.

Анын ордуна, коммунист болуп туруп, коммунистик идеалдарынан кайткан саткындарга, мансапкорлорго мамлекетти башкарып көрүшсүн, “Мономахтын шапкесинин оордугун“ сезишсин деп, аларга жол берди.  Добуштарды бурмалап, элди алдоо жолу менен бийлике келген  коммунистер,  жыйынтыгында Аксы окуясын чыгарышты, Үзөнгү Кууш менен Каркыраны беришти, Кумтордун алтынын тоноттурушту, балдары менен   кыздарын  бийликке алып келебиз дешип,  акыры элдин каарына калып, тапкан дүнүйөлөрүн “анча мынчасын” вертолет, самолетторго салып алып качышты. Мына, “чыныгы коммунист” менен “партбилети эле бар коммунистердин” айрымасы. Апсамат Масалиевичтин даанышмандыгы, кеменгердиги,  мыктуулугу жана айкөлдүгү төңкөрүшкө төңкөрүш менен жооп бербегени болду, таш менен урганды аш менен урганы болду.

Апсамат агабыз тазалыктын, адилеттүүлүктүн, чынчылдыктын, жупунулуктун  эталону  болчу, ошол эталонду  аягына чейин сактап аны бузбай кетти. Ал инсандын жупунулугу менен жөнөкөйлүгү боюнча баарыбызга сабак болуучу бир мисал. Биз, ыраматылык Үсөн аке, Досбол Нур уулу, Адахан, Азимбек болуп анын 70 жылдыгын өткөрүү боюнча өзү менен масилатташип калдык. Ал таптакыр көнбөйт, болбойт. Шан-шөөкөтүн кереги жок дейт... Араң көндүрдүк. Ошондо агабыз мага кайрылып “Жолдош генерал, сиз коноко келчүүлөргө айтып коюңуз, эч нерсе көтөрүп келбесин, жөн эле келишип тамак ичкенче, сый-урмат көрүп кетишсин, ушуну сиз көзөмөлгө алыңыз.” – Абсамат Масалиевич кантип айтам уятго... Айтсак деле калпак-чепкенин көтөрүп келишет, биздин салт, аны биз буза албайбыз, деп баарыбыз айтып калдык. Ал бир аз ойлонуп туруп, – Жолдош генерал анда кирип жатышканда көтөрүп келген белектерин сиз алып, бир жерге койо бериңиз, – Макул, аракет кылайын деп жооп берип, баарыбыз бири-бирибизди карап күлүп койдук...

Той башталды, алып келген белек-бечектерин кантип мага бергиле, бир жерге коюп койом деп айтасың. Калпак, тебетей-чепкен кийгизүү өз нугу менен кетти, агабыз мени карайт же айта албайт. Же мен бир нерсе деп айта албайм. Анан ошондой ситуациядан алып баруучу Адахан тамаша-чынга салып, - Абасамат Масалиевич биринчи чепкен-калпак кийгенде каалабагандай кийдиңиз эле, кийинкилерин кийгизип жатышканда өзүңүз тура калып, ийиниңизди тосуп калдыңыз, сизге деле “алган” жагат турбайы деп баарыбызды күлдүргөнчө ошол темага точка коюлган эле...

Кошоматчылыкты, эки жүздүүлүктү жек көрчү. Ошону менен бирге “до мозга костей” баардык улут өкүлдөрүнө бирдей, тегиз мамиле кылган -интернационалист жана чыныгы демократ инсан болчу. Биз бир маселени талкуулаганыбызда, талкууга катышкандардын баардыгын ой-пикирин кунт коюп угуп, сөзүн бөлбөй, андан кийин өз оюн айтканча сунушун берчү. Эгерде анын берген сунушуна каршы болуп, каршы пикирди далилдеп берсең, өз оюн таңуулабай “сиздики туура” деп сунушту кабыл алчу. Мен, ушундай улуу адам менен бир командада, ага-инидей болуп, аны менен даамдашып, далай накыл сөздөрүн угуп, жүрүш-турушунан, элге жана мамлекетке болгон мамилесинен үлгү алып калганыма бир жагынан жаратканга ыраазымын. Экинчи жагынан, өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Көп нерселерди үйрөндүм. Үлгү алдым. Анын элеси ар дайым биз менен бирге болот.

Бүгүн бизде ошол адамдай таза, калыс, жөнөкөй, жупуну даанышман, мамлекетчил инсандар жетишпейт. Бизде ошондой интернационалистер жок эсе. Ошондуктан, А. Масалиевдин өмүрү өткөн жолу, жүрүш-турушу баарыбызга өрнөк болушу керек.

“Азаттык” партиясынын төрагасы генерал И.Исаков

 Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости