www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун аягында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук өз ара аракеттенүүнү мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнү макулдашты.

Последние новости