www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израил Иранга каршы Америка менен биргеликте согуштук операцияларды улантып жаткан чакта, региондогу келечектеги коопсуздук стратегиясын кайра карап, жаңы “негизги душманын” аныктоону баштаганы айтылууда. Азыр Израил үчүн негизги коркунуч катары Турция каралууда.
Аналитиктердин айтымында, Израилдин позициясы боюнча, Иран Жакынкы Чыгыштагы таасирин жоготсо, сунниттик Турция ислам дүйнөсүндө лидерликке умтулуп, Палестина жана Иерусалим маселесинде өзүн коргоочу катары көрсөтүшү мүмкүн. Турциянын араб өлкөлөрү арасында таасирин күчөтүүгө умтулуусу, Израил үчүн кооптуулук жаратат.
Буга себеп Израилдин Жакыны Чыгыштагы өлкөлөрдөгү аскердик операциялары, натыйжада араб өлкөлөрүнүн АКШга болгон ишениминин түшүшү, аймактын коопсуздугун кайра түзүүгө түртүүдө. Мындай кырдаалды Турция өзүнүн ыңгайына пайдаланып, ислам дүйнөсүндө өз ордун бекемдөөгө аракет кылат деген чочуулоо күч.