www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сириядагы Ирандын консулдугуна Израиль таштаган бомбадан ирандык эки генерал жана беш офицер, жалпы жети жаран көз жумду. Андан сырткары, үч сириялык, бир ливандык да каза тапты.

RT менен РИА Новости Израилдин Аскер-аба күчтөрүнүн абадан ракета менен жасаган чабуулунан каза тапкандар Ирандын Ислам Революциясынын коргоочулар корпусунун (КСИР) кеңешчи генералдары менен кызматкерлери экенин билдирди.

"Израилдин кылмыштуу чабуулунан генерал Мохаммад Реза Захеди, бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи Рахими көз жумду. Алар ыйык коргонуунун (1980-1988-жылдардагы иран-ирак согушу — ред.) ардагерлери, командирлер жана Сириядагы ирандык аскерий улук кеңешчилер болчу. Мындан сырткары, КСИРдин аларды коштоп жүргөн беш офицери каза тапты", — деп айтылган аталган корпустун маалымат кызматы тараткан кабарда.

Иран ЖМКлары аба чабуулу Дамаскидеги Башкы консулдук менен элчинин резинденциясына жасалганын жазышты.

РИА Новостинин кабарчысы Израилдин ракетасы Ирандын элчилигинин имаратынын жанындагы үйгө түшкөнүн, дипмиссиянын имараты да талкаланганын билдирген. Чабуул түндө саат 00:45те жасалган.

Тегеран бул окуя боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чакырып, отурум өткөрүү боюнча аталган уюмга кат жолдоп, кайрылды.

Иран, мындан сырткары, АКШнын Израиль жасаган чабуулга жооп берүүгө чакырык таштады. Тегеран шаарында эл Израилге нааразылыгын билдирип, Фелестин аянтына чыкты.

Ал арада Россия баштаган бир нече мамлекет Израилдин Сирияда жайгашкан дипломатиялык миссиясына жасалган чабуулду кескин айыптаганын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости