www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки тараптуу келишим күчүнө киргенден бери түрк тарап Түркияда жашаган кыргызстандыктардын иш стажы тууралуу Кыргызстанга 237 суроо-талап жөнөткөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомтсводон белгилешкендей, учурда 235 суроо-талап иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди.

Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ал эки республиканын жарандарына Кыргызстанда да, Түркияда да бирдей шартта пенсия жана жөлөкпул алууга укук берет. Келишим мыйзамдуу негизде иштеген камсыздандырылган адамдарга гана тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости